Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Украина: Харьковдогу жардыруу үчүн курал Орусиядан алынган


Украинанын картасы
Украинанын картасы

Харьковдогу жардырууну уюштурууга шектелгендер куралды Орусиядан алган. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Маркиян Лубкивский Facebook баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, жардырууга шектүү катары кармалган төрт адам тең “Харьков партизандары” уюмунун мүчөлөрү болгон. Алар дагы бир жардыруу уюштуруу үчүн курал сатып алып жаткан жерден кармалган

Кармалгандар жардыруу үчүн куралды алардын жетекчиси Орусиядагы Белгород шаарынан алганын айтышкан.

Харьковдо жардыруу 22-февралда орун алган. Бомба экс-президент Виктор Януковичтин кулатылышынын бир жылдыгына арналган тынчтык жүрүшү өтүп жаткан жерде жарылган. Жардыруудан эки киши набыт болуп, 11 адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG