Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

АКШ жана Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнү улантууда


Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү Женевада өтүүдө
Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү Женевада өтүүдө

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнү улантышты. Сүйлөшүү Женевада кечээ башталган эле. Ага Кошмо Штаттардын энергетика министри Эрнест Монис жана Ирандын өзөктүк программа боюнча өкүлү Али Акбар Салехи катышууда. Сүйлөшүүнүн башталышында Керри тараптар ортосунда мунаса табыла элек айрым маселелер бар экенин билдирген. Кандай маселелер экенин АКШ мамкатчысы тактаган эмес.

Учурда дүйнөдөгү алты өлкө менен Тегеран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнү улантууда. АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия кирген топ менен Иран келишимге жетише алса Тегеран ядролук программасын кыскартат. Буга жооп иретинде Батыш Иранга каршы киргизген санкциялардын айрымдарыy алып салат. Тараптар өзөктүк программа боюнча 30-июнга чейин келишимге жетишүүнү көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG