Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Маргвелашвили Порошенкону Грузияга чакырды


Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили Украинанын өлкө башчысы Петро Порошенкону Тбилисиге чакырды. Грузин президентинин администрациясы тараткан маалыматка караганда, 22-февралда эки өлкө лидерлери Киевде жолугушту. Маргвелашвили Киевге Януковичтин бийлигине каршы демонстрация учурунда каза болгондорду эскерүү жүрүшүнө катышуу үчүн келген.

Өткөн жумада Грузиянын Башкы прокуратурасы экс-президент Михаил Саакашвили жана мурдагы юстиция министри Зураб Адеишвилини өткөрүп берүүнү Киевден суранган.

Бул экөөнө мекенинде мамлекеттик каражатты уурдоо, адамдарга кол салуу жана кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу айыптары коюлган. 13-февралда украин президенти Петро Порошенко Реформалар боюнча эл аралык кеңеш түзүлүп, аны Саакашвили башкараарын жарыялаган. Саакашвили 2013-жылы ноябрда кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин Грузиядан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG