Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Депутат “багуу” оңой эмес


Кыргыз парламенти
Кыргыз парламенти

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында депутаттарга кеткен жалпы чыгымдар иликтөөгө алынды.

Жыл сайын элден чогулган салык эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Жогорку маяна, кызматтык унаа, үй жана башка ыңгайлуу шарттарга карабай, депутаттар эмне үчүн сессияларга катышпайт?

Берүүнү Ютубдан көрүүнү каалагандар ушул шилтемени басса болот. ​

Ар бир депутат маянадан тышкары, ай сайын автоунаасынын майына 10 жарым миң сом, тетиктерине 2000 сом, аймактарга чыкканы үчүн 4500 сом стипендия, кагаз-дептерге 2000 сом жана телефондук байланышка 2500 сом кошумча каражат алат. Ар бир депутатка ай сайын өлкө ичиндеги сапарларга 7 миң сомдон, жылына бир жолу чет өлкө сапарга 60 миң сомдон акча бөлүнөт.

Депутат “багуу” оңой эмес (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Депутаттарга салынган 11 кабат үйдө жалаң эле алардын туугандары, айдоочу же жардамчылары жашайт дегенге болбойт. Негизи бул батирлер Бишкекте үйү жок, аймактан келген эл өкүлдөрүнө арналган.

Депутат “багуу” оңой эмес (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00

Сессияларга катышпаган мандат ээлери да четтен чыгат. Алар бизнесинен колу бошобойбу, айтор алардын ордуна кесиптештери добуш берген учурлар бар. Кээде залда болгону 30 эл өкүлү отурса, каттоодон өткөн депутаттын саны жүздөн ашканын көрүп эле жүрсөңүз керек.

Депутат “багуу” оңой эмес (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:11 0:00

XS
SM
MD
LG