Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Гүмри: адам өлүмүнө шектүү жоокерди жоопко тартуу талабы коюлду


Гүмриде жети мүчөсү өлтүрүлгөн Аветисяндын үй-бүлөсүнүн жакындары кылмышка шектелген орус аскерин жазага тартуу талабы менен чыгышты. Алар бийликтерден кылмышка шектелген орус аскери Валерий Пермяков Арменияга өткөрүлүп, жергиликтүү мыйзамдар менен жазага тартылышын талап кылышты. Шаардагы прокуратуранын имаратынын алдына чогулгандар төрт күн ичинде жоопко тартылбаса, ири нааразылык акциясын убада кылышты.

Буга чейин Армениянын башкы прокурору Геворк Костанян орус бийликтерине Пермяковду өткөрүп берүү талабын коерун билдирген. Бирок 3-февралда орусиялык бийликтер кылмышка шектелген аскер орус аскер базасында жоопкерчиликке тартыларын маалымдаган.

Орусиянын Армениядагы согуштук базасында кызмат кылган Валерий Пермяков Гүмридеги бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн өлтүргөн деп шектелүүдө. Ал 13-январда армян-түрк чек арасында кармалып, кылмышты мойнуна алган. Кылмышка шектүү учурда орус базасынын аймагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG