Бул тууралуу сүйлөшүүгө катышкан тараптар билдиришти. Ирандын Тышкы иштер министри Мухамед Зариф эки күндүк сүйлөшүү “пайдалуу жана олуттуу” болду деп айтып, бирок алдыда дагы узак жол бар деди. Анын айтымында кийинки сүйлөшүүлөр 2-мартта болот. Жолугушууга катышкан АКШ өкүлү да ийгиликтер болгонун белгиледи.
22-23-февралда Женевада болгон сүйлөшүү Батыш өлкөлөрү менен Ирандын 31-мартка белгиленген келишимге кол коюусун утурлай өттү.
АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап, бир катар санкцияларды киргизген. Расмий Тегеран болсо программа тынчтык максатты гана көздөөрүн билдирип келет.