Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Парламент: Кумтөр маселеси комитеттерде каралат


Кумтөр алтын кенинде
Кумтөр алтын кенинде

“Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөттүн маалыматы бүгүн Жогорку Кеңештин төрт комитетинде каралат. Бул тууралуу “Республика” фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда бүгүн комитет кароосунан өткөн соң, парламент 26-февраль күнү өкмөттүн толук баяндамасын угат.

Мурдараак “Республика” фракциясы "Кумтөр" долбоору боюнча февралдын соңуна чейин чечим кабыл алынбаса өкмөттүн отставкасын талап кылары айтылган.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Центерра ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайызындагы үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG