Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Серепчилер курултай өткөрөт


Энергетика, экономика жана саясий багыттагы серепчилер тобу март айында Бишкекте курултай өткөрүүгө даярданууда. Алар энергетика тармагындагы көйгөйлөр менен Кыргызстандын саясий абалын талкууламакчы. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан топтун өкүлү, энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “Азаттыкка” билдирди.

Курултай өткөрүү боюнча адистер азыр жер-жерлерде элдин пикирин угуп жүрөт. Жарандардан түшкөн суроо-сунуштар атайын баяндамада камтылат.

Болжол менен 10-мартка белгиленген курултай Бишкектеги кайсыл имаратта өтөрү азырынча белгисиз. Ал жыйынга келчү кишилердин болжолдуу санына карап, аныкталат. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG