Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Обама: АКШ Кыргызстанды колдоосун улантат


 Ак үй, 19-февраль, 2015
Ак үй, 19-февраль, 2015

АКШ Кыргызстан менен бекем жана чыныгы достук мамилесин мындан ары да тереңдетүүгө умтулат. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама кечээ Вашингтондо Кыргызстандын жаңы элчиси Кадыр Токтогуловдун Ишеним грамотасын кабыл алып жатып айтты.

Кыргыз Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Барак Обама эки өлкө тең демократия жана эркиндикти урматтарын баса белгилеп, соңку 20 жыл ичинде америкалыктар кыргыздын маданияты, салты, “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан тартып кол өнөрчүлүгүнө чейин жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алганын айтты.

Кадыр Токтогулов АКШга элчи болуп 31-декабрда дайындалган. Ага чейин президенттин маалымат катчысы болуп иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG