Кыргызстанда бензиндин негизги түрлөрүнө болгон баанын төмөндөшү уланууда. Экономика министрлигинен кабарлашкандай, үч ай мурдагыга караганда бензиндин баасы дээрлик 20-24% төмөндөдү. Дизелдик май 20% арзандады.
Маселен, Аи-95 маркасындагы бензиндин 1 литри былтыр ноябрда 53 сомдон сатылган болсо азыр 41 сом болууда.
Дүйнөлүк базарда кара май баасы соңку 3 ай ичинде 15% арзандаганын адистер айтууда. (RK)