Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:45

Австрияда түрмөдө Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиевдин сөөгү табылды


Рахат Алиев
Рахат Алиев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 53 жаштагы Рахат Алиев Австриядагы түрмөдө өз жанын кыйганы кабарланууда. Бул тууралуу Австриянын сотунун өкүлү билдирген. Ал "өз жанын кыйыптыр” деп сот өкүлүнө шилтеме берип, "Рейтерс" агенттиги жазып чыкты. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дариганын мурдагы күйөөсү Рахат Алиев 2007-жылдан бери чет жакта качып жүргөн.

2011-жылы Австрия бийлиги Рахат Алиевге карата 2007-жылы Казакстанда 2 банкирдин өлүмүнө шектүү катары тергөө баштаган. Ал 2014-жылы июнда өз эрки менен Австриянын тергөө органдарына келген дагы ошондон бери камакта болчу. Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес.

2008-жылы Алматы шаардык соту Алиевди кылмыштуу топту түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга кам көргөн деп таап, сыртынан 20 жылга абакка кескен.

Рахат Алиев Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, Тышкы иштер министринин орун басары, өлкөнүн Автриядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

XS
SM
MD
LG