Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Украина: тараптар бири-бирин айыптоодо


Дебальцево. 24.02.2015
Дебальцево. 24.02.2015

Украинанын өкмөттүк күчтөрү жана жикчилер ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бузду деп бири-бирин айыптап жатат. Украин армиясынын расмий өкүлү Анатолий Стельмах дүйшөмбүдө жикчилер 24 жолу аскерлердин позицияларын аткылаганын билдирди.

Армиянын көзөмөлүндөгү Опытное, Тоненькое, Авдеевка айылдары замбиректен жана минометтон аткыланып, Широкино айылына чабуул жасоо аракети болду. Киев жикчилер ок атууну токтотпогону үчүн жаңжал аймагынан оор техниканы чыгарбай турганын билдирүүдө.

Ал эми жикчилер өкмөттүк аскерлерди келишимди бузду деп айыптап жатат.

Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймактын өкүлү Эдуард Басуриндин айтымында, украин армиясы Донецк аэропортунун айланасында бир нече жолу ок ачкан.

12-февралда Минскте Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимге ылайык 15-февралда түн ортосунда ок атышуу токтотулуп, эки тарап майдан талаасынан оор техникасын чыгарып кетмек. Бирок келишимдин бул шарты аткарыла элек.

XS
SM
MD
LG