Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Сартбаев: ишкерди атайын аткан эмесмин


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Журналист Арслан Сартбаев ишкер Самсалы Четимбаевге ок атканы тууралуу интернетке чыккан маалыматты төгүндөп, окуя кокусунан болгонун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, колундагы тапанчаны отургучтун артына салып жаткан учурда кокусунан атылып кеткен. Ал Четимбаевге байланыштуу жазган чуулгандуу макаласынан улам сүйлөшүү үчүн жолугушканын айтууда.

Журналист курал мыйзамдуу экенин жана аны дайыма жанында алып жүрөрүн маалымдады.

Бишкек шаардык милициясы Четимбаевдин арызынын негизинде Сартбаевге карата Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, шектүү азырынча кармала электигин билдирди. Интернетке тараган кабарларда журналист ортодогу пикир келишпөөчүлүктөн улам ишкерге атайын ок чыгарганы жазылган.

Самсалы Четимбаев саясатчы Азимбек Бекназаровдун жардамчысы катары белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG