Харьковдо жекшембидеги жардыруудан жараат алган дагы бир студент каза тапты. Ошентип бул кол салуудан өлгөндөрдүн саны төрткө жетти. 9 адам ар кандай жараат менен ооруканада жатат.
Бүгүн Харьковдо аза күтүү күнү жарыяланган. Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматында, жардыруу алыстан туруп башкарылган системанын жардамы менен ишке ашырылган.
Учурда теракт боюнча кылмыш иш козголуп, төрт адам кармалды. Алардын баары “Харьков партизандары” уюмунун мүчөлөрү экени айтылууда. Бул уюмдун мүчөлөрү буга чейин Евромайдандын тарапкерлерине бир нече жолу кол салууга аракет кылган.
Жекшембидеги жардыруу экс-президент Виктор Януковичтин бийликтен кулатылышынын бир жылдыгына арналган тынчтык жүрүшү өтүп жаткан кезде уюштурулган.