Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Украинада жикчилер оор техниканы чыгарып кетүү убадасын берүүдө


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер бүгүнтөн тарта оор техникасын майдан талаасынан чыгарарын убада кылууда. Бул тууралуу өзүн Донецк республикасы деп атап алган аймактын аскерий командирлеринин бири Эдуард Басурин билдирди. Анын айтымында, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясынын көзөмөлү алдында алар оор техниканы өткөн жылдын 19-сентябрында Минсктеги келишимде көрсөтүлгөн аймактын чегине чыгарышат. Басурин ок атууну токтотуу келишимине көзөмөлдү алар тараптан Донецк жана Лугансктагы атайын координациялык топтор жүргүзөрүн кошумчалады.

Ал эми Украина армиясы жикчилер ок атууну токтотпогону үчүн оор техниканы азырынча чыгарбай турарын билдирген эле.

Армия өкүлдөрү 23-февралга карата ок атууну токтотуу боюнча келишим 24 жолу бузулганын билдирди.

XS
SM
MD
LG