Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Литва аскерге чакырууну жандантат


Литва жарандарды аскерге чакырууну кайрадан жанданат. Бул тууралуу өлкө президентининин администрациясына шилтеме берүү менен Reuters агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, мындай чарага аймактагы Орусиянын аскердик активдүүлүгүнүн күчөп жатканы түрткү болгон.

“Геосаясий абалды жана өлкө коопсуздугуна коркунучту эске алуу менен өлкөнүн коргоону жөндөмүн жогорулатуу зарылчылыгы келип чыкты” деп айтылат билдирүүдө. Жаңы жобонун негизинде аскерге чакыруу беш жылга узартылмакчы.

Литва 2008-жылдан тарта милдеттүү аскердик кызмат өтөөнү жойгон эле. Буга чейин Улуу Британия Орусия Балтика өлкөлөрүнө «ушул тапта реалдуу» коркунуч келтиргендиктен, НАТО аларга каршы чабуулга даярданып жаткандыгын ачыкка чыгарган.

XS
SM
MD
LG