Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Centerra Gold Inc. пайдасын тең бөлүшмөй болду


Вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн парламент комитетинде билдиргендей, Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык ишкана өткөн жылы алган кирешесинен 50% кыргыз тарапка берүүгө макул болгон. Бирок бул маселе биргелешкен ишкана түзүлгөндөн кийин гана ишке ашырылмакчы. Валерий Дилдин депутаттарга айтканы боюнча, 2014-жылы кенден түшкөн киреше 110 млн. доллар деп бааланууда.

Вице-премьер-министр эки тарап кен иштетүү боюнча акционердик коом түрүндө биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге жетишкенин да маалымдап, Центерра экологияны коргоо үчүн 52 млн. доллар бөлүүгө убада кылганын айтты.

Валерий Дилдин айтканына караганда, Кумтөр боюнча базалык келишимге ушул жумада кол коюлат.

Кумтөр долбоору боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Centerra Gold Inc компаниясынын укуктук маселелер боюнча директору Франк Херберт жана бир катар кеңешчилери шейшемби күнү Бишкекке келди. Алардын Кыргызстанга сапары бир жумага созулат. Буга чейин тараптар Кумтөр боюнча макулдашуунун долбоору менен таанышуу үчүн документтин чийки вариантын карашкан.

Centerra өкүлдөрү өткөн айда да келип кеткен. Тараптар экологиялык маселелер, калдыктар жана башка бир топ суроолор боюнча орток пикир таба албай келүүдө.

Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөттүн маалыматы парламенттин бейшемби күнкү жалпы жыйында талкууланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG