Чехиянын түндүгүндө атышуудан сегиз адам набыт болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, белгисиз адам Угерски Брод шаарындагы ресторанга кирип барып ок ачкан. Өлкөнүн ички иштер министри Милан Хованцтын айтымында, атышуудан сегиз адам мерт кетти. Ок ачкан адамдын өлтүрүлгөнү кабарланууда. Айрым маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү адам психикалык оорудан жабыркачу.
Угерски Брод өлкө борборунан 300 чакырымдай түштүк-батыш тарапта жайгашкан.