Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

26-февралга карата аба ырайы


Жаан-чачынга байланыштуу жана күндүн ысышынан улам 27-февралга чейин тоолуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болот. Адистер айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

26-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,

Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаап, туман түшүшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...2 градус болот.

XS
SM
MD
LG