Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Четимбаев Cартбаевдин үстүнөн жазган арызын кайтарып алды


Ишкер Самсалы Четимбаев журналист Арслан Сартбаев андан кечирим сураганына байланыштуу милициядан арызын кайра кайтарып алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Четимбаев өзү билдирди.

Сартбаев аны каралап жашыруун ат менен макала жазганын мойунуна алганы тууралуу кат журналисттин кол тамгасы менен интернетке жарыяланды. Анда далилденбеген фактылар да пайдаланылганы айтылат. Азырынча Сартбаев буга комментарий бере элек.

24-февралда ишкер менен журналист чырлашып кетип Сартбаев ага ок чыгарганы маалымдалган. Буга Четимбаевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу макала интернет булактарына жарыяланганы себеп болгон.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы Сартбаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, прокуратурага өткөрүп берген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG