Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

БУУ: Ооганстанда камактагылардын үчтөн бири кыйноого туш болот


Ооган түрмөлөрүндө кыйноолор уланууда
Ооган түрмөлөрүндө кыйноолор уланууда

Бириккен Улуттар Уюмунун билдиргенине караганда соңку бир жылда Ооганстандын жабык жайларында кармалгандардын үчтөн бир бөлүгү кыйноолорго кабылган.

25-февралда жарыяланган жаңы докладда маалымдалгандай, уюмдун өкүлдөрү жүргүзгөн сурамжылоого камактагы 790 адам катышкан. Алардын 278и кыйноого туш болгонун айткан.

Бул сандар мурдагы жылдарга салыштырганда кыйноо фактылары бир аз азайганын көрсөтөт. Себеби өткөн жылы камактагылардын дээрлик жарымы кодулоого кабылганын айтышкан.

БУУнун өкүлдөрү Ооганстандын жабык жайларындагы укук бузуу, кыйноо боюнча абал олуттуу экенин билдирип, ооган бийликтерин эл аралык коомчулуктун алдында алган милдеттенмелерин аткарып, кыйноолорду токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG