Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

“Дело №...”: Бакиевдер таасирин жоготкон жок


Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев, 15-апрель, 2010-жыл, Ош шаары
Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев, 15-апрель, 2010-жыл, Ош шаары

“Дело №...” гезити Алмамбет Анапияевдин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү тууралуу кенен жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити сандан санга жарыяланып келе жаткан жазуучу Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” баянынын уландысын, “Кыргыз жигити кандай болушу керек?” деген темага ой-пикирлердин топтомун жана айтылуу окумуштуу, хакас элинин этнографы Виктор Бутанаевдин “Эне Сай кыргыздары – түпкү тегибиз” деген макаласын жарыя кылды.

Бутанаев тарыхты, элдин этнографиясын изилдеп келаткандан берки көз карашынан тая элегин, тайбай да тургандыгын, анын терең ишениминде Эне-Сайдагы кыргыздар теңиртоолуктардын да, хакастардын да, алтай менен тувалыктардын да түпкү теги экендиги илимде эбактан бери талашсыз далилденген факт экендигин айтты.

“Дело №...” гезити Алмамбет Анапияевдин мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу көлөмдүү макаланы тартуулады. “Бардык жолдор Римге алып барат” деген сыңары, кыргыздын өтө чоң даражалуу аткаминерлери менен оппозиционерлеринин баш калкалай турган жайы эмнегедир Минск болуп баратканын, Минскиге качкын президент Бакиев жана Бакиевдин тууган-туушкандары башын катып жашынса, оппозиционер Садыр Жапаров качып барып, “элге кайрылуусун” жана “Он жыл саясатта” деген китебин ошол жактан жазып жөнөткөнүн, бирок анда Бакиевдер жөнүндө бир ооз да сөз катпаганы китептин чындыктан чычая качкандыгы болуп саналарын, акырында Минскиге Дубайдан келип өз ажалын тапкан Анапияевди мисалга тартты.

Анын өлүмү боюнча азыр ар түркүн версиялар айтылып жатканын, Анапияев Жаныш Бакиев колдуу болушу да мүмкүн деген версия да иликтенип жатканын, эгер анын өлүмүнө Жаныштын катышы бар экендиги аныкталчу болсо, анда аларды калкалап жүргөн Лукашенконун да жинин келтирип, чоң Бакиевдердин Минскиде жашап-турушуна залалын тийгизерин жазып чыкты.

“Дело №...” гезити Анапияев тууралуу жазгандарын улантып, ал Дубайдан Минскиге Алмазбек Шакировдун наамына жазылган паспорт менен келгенин белгилеп, Шакиров деген Баткенден болорун, Подмосковьенин Чехов аттуу шаарында жеке ишкер катары каттоодо турарын, көрсө Алмазбек Шакиров да Анапияевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Москвадагы “филиалынын” мүчөсү болорун, ал эми Анапияевдин мууздалган өлүгү чыккан “Мерседестин” ээси Беларус жараны, этникалык казак экендигин, машинасын сураганынан кыргыз таанышына эки күнгө бергенин, анан эки күн өтүп, машинасын сурап кеткендердин дайыны чыкпагандан кийин издеп, машинасын ичине орнотулган датчик аркылуу таап, багажнигин ачса эле таанышынын өлүгү чыкканын, анан милицияга кабарлаганын баяндады.

Казак жигитти суракка алганда Анапияевди көптөн бери билерин, алар Москвада таанышканын, жолугушуп да турганын айтып берген. Анапияев Дубайдан жалгыз келген эмес. Жанында жансакчысы, Ош облусунун 25 жаштагы тургуну Гүлжигит Абилазизов болгондугун, Анапияев өлтүрүлгөндөн кийин ал жок болуп кеткенин, Беларус милициясы издеп жатканын, Анапияев 2000-жылдары криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин тобуна кошулуп, Рыспек Акматбаевге кол салууну уюштурганын, ал Көлбаевдин түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп дайындалганын, ошондой эле Хорог-Ош маңзат жолун жеке көзөмөлдөп тургандардын бири болорун, Бакиев бийликке келгенде Бакиевдердин адамына айланганын, айрыкча Анапияев менен Жаныш Бакиевдин байланышы мыкты болгонун, дагы ушул сыяктуу түйүндүү карым-катыштарын кенен жазып чыкты.

Ушул эле макаланын жанында “Бакиевдер жаман жашаган жок, ошону менен бирге эле алардын Кыргызстан менен да, айрым кыргызстандыктар менен да байланышы үзүлө элек” деген макаланы тартуулады.

Курманбек Бакиев Минскиге жакын жердеги чоңдордун айылында, 2 млн. долларга сатып алган коттежде жашарын, ал эми Жаныш Бакиев да Минскиде, так ушундай эле коттежде, бирок башка райондо жашарын, эки “Мерседеси” барын, биринин номуру Беларустуку болсо, экинчисинин номуру Орусиянын Смоленск облусуна таандык экенин, бир кызыгы эл аралык издөөгө алынган адамдар "чөптөн жапыз, суудан тынч" жашаганды жактырса, Бакиевдер бизнесин Беларуста гана өркүндөтпөстөн, Прибалтика өлкөлөрүнө чейин, атүгүл Орусияга чейин жайылтып жатканын, маселен Жаныш Бакиев көптөн бери эле Москвадагы курулуш материалдарын сатуучу базарды сатып алып, Москвада турган башка бир кыргызстандыктын атына каттатуунун аркетин көрүп жатканын, айтор Бакиевдер кыргызстандык чиновниктер менен кадимикидей эле коюн-колтук алышып, тыгыз байланышта келатышканын, “Дело №..” жакын арадагы сандарынын бирине, Бакиевдер менен кимдер байланышып жүргөнүн толук жазып чыгарын убада кылды.

XS
SM
MD
LG