Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Караколдо жаратылыш паркынын жетекчилигине нааразылык айтылууда


Каракол шаарындагы мамлекеттик жаратылыш паркында иштеген 23 кызматкер мыйзамсыз иштен алынганын айтып нааразы болууда. Алар жарым жыл мурун жетекчиликке келген Таалай Аманов кызматкерлер колдонуп жаткан 6 гектарга жакын жерди башка бирөөлөргө ижарага берип жибергенин, ал жерде иштегендердин балдарын мектепке ташыган автобустук каттамды токтотуп койгонун айтып жатат. Ошондой эле алар 20 жылга жакын тажрыйбасы бар 23 адисти жумуштан кетиргенин мыйзамдуу иликтөөнү талап кылып Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилигине кайрылышты. Анын жообу келгенче 26-февралдан тарта нааразылык акциясына чыга турганын эскертишти.

Азырынча парктын жетекчиси Таалай Амановдон бул маселе боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Жаратылыш паркы Каракол шаарынан 5 чакырым алыс жайгашкан. (AsA)

XS
SM
MD
LG