Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Партиялар үчүн пайыздык чек сунушу парламентте колдоо тапкан жок


Парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында колдоо тапкан жок. Мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, ага жыйынга катышкан депутаттардын көбү каршы чыкты.

КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков менен “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов сунуштаган өзгөртүүгө ылайык, партия добуш берген шайлоочулардын жалпы санынын 10 пайыздан кем эмесинин колдоосун ала албаса парламентке кирбейт.

Мурдагы шайлоолордо пайыздык чек 5 пайыз болчу. Андан кийин мыйзам өзгөртүлүп, шайлоочулардын жалпы тизмесинин 7 пайыздан көбүнүн колдоосун алган партия гана парламентке келүүгө укуктуу экени жазылган. Андан бери шайлоо өтө элек. (SE\MTo)

XS
SM
MD
LG