Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Орусиядан Кыргызстанга кайткандардын саны өстү


Москвадагы аэропорттордун бири
Москвадагы аэропорттордун бири

Москвадагы Кыргызстандын элчилиги жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Орусиядан Кыргызстанга учак аркылуу кайткандардын саны өткөн жылдагыга караганда 20-30% өскөн. Маалымат боюнча учурда Москвадан Бишкек, Ош шаарларына 6 аба компаниясы каттайт. Элчиликтин билдиргенине караганда, Орусиядан кайткандардын көбөйүүсүнө төмөнкү факторлор себеп болушу мүмкүн: учак белетинин арзан болуп жатышы; патент мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу чек арадан чыгуу; мурункудай Украинага кирип-чыгуунун оорлогону жана ошондой эле Бишкек, Ош шаарлары аркылуу Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары мекенине кайтып жатканы да учактарга белеттин көп сатылуусун шартташы мүмкүн. Сатылган белеттердин 30% “эки тарапка” деп алынууда.

Мындан тышкары Орусиянын башка аймактарынан да Кыргызстанга мекендештердин көп кайтып жатканы байкалган. Элчиликтин маалыматы боюнча Иркутск, Омск, Томск, Красноярск, Новосибирск облустарындагы кыргыз диаспоралары автобус менен Кыргызстанга кетип жаткан мекендештердин саны арбыганын билдиришкен. Ошондой эле миграциялык мыйзамдардын катаалданышына байланыштуу Якутиядагы мекендештер да Кыргызстанга мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп кетип жатышканын ал жактагы диаспора өкүлү билдирген.

Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

Москва-Бишкек каттамындагы учактын баасы ташыган компаниясына жараша 4600 рублден 5500 рублге чейин. Москва-Бишкек каттамындагы поездде плацкарт вагондогу бир орундун баасы 17 миң рубль, купеден 27 миң рубль турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG