Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Гүлжигит Абилазизов милициядан өзүн коргоп берүүсүн суранууда


18-февралда Минскиде өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин жансакчысы делген Гүлжигит Абилазизов милицияга берген көрсөтмөсүнүн видеотасмасы жарыяланды. Анда 25 жаштагы Гүлжигит өзүнүн Анапияевдин колуна кантип барып калганынан тартып, акыры жашаган жеринен кантип качып чыкканына чейин айтып берген. Абилазизовдун айтуусунда, Анапияев өлтүрүлөрдүн алдында ал жашаган үйгө үч киши келген, алардын бири 50лөрдөгү киши, экинчиси Айбек аттуу жалпы тааныш адам экени, үчүнчүсү кавказ улутундагы киши болгон.

Абилазизов өзү Анапияев кантип, ким колдуу болуп өлгөнүн көрбөгөнүн айтат. Анын берген көрсөтмөсү боюнча, кишилер келгенде Анапияев аны чыгарып жиберген, ошентип таң аткыча подьезддеги тепкичте отуруп, келген коноктор кеткенден кийин гана үйгө кирип, Анапияевди таппай калган. Бир нерсе болгонун сезип калып, Минскиден түптүз Москвага чейин такси менен келип, Москвада эки-үч күн жашаганын айтат. Акырында досторунан өзүн издеп жатышканын угуп, өмүрүнөн корккону үчүн Кыргызстанга милицияга келгенин айтып берген.

ИИМдин маалыматы боюнча Гүлжигит Абилазизов Алманбет Анапияевдин жансакчысы болуп жүргөн. Милицияга көрсөтмө бергени келген Абилазизов камакка алынбаганын Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азаттыкка” маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG