Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо 26-апрелде өтөт


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Мындай буйрукка бүгүн өлкө президенти Нурсултан Назарбаев кол койду.

Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев президенттик жана парламенттик шайлоо да 2016- жылга белгиленгендиктен эки шайлоону бир жылда өткөрүү кыйын болорун жана өлкө Конституциясы буга жол бербестигин жүйө келтирди.

"Элдин кызыкчылыгын эске алып, мага түшкөн өтүнүчтөрдөн улам жана баш мыйзамды сактоо иретинде мен чечим кабыл алып, Конституциянын 41-статьясынын 3-1 пунктуна ылайык, 2015-жылдын 26-апрелинде президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу буйрукка кол койдум", -деди Назарбаев.

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин бул ирет Назарбаев өзү төрагалык кылган Казакстан эл ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. Кийин бул демилгени бийликтеги “Нур Отан” баштаган бир нече партия колдогон. Ассамблея учурдагы шартта “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” президенттик шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгын билдирген.

75 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ал акыркы ирет президенттикке 2011-жылы 3-апрелде, мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо беш жылга шайланган.

Дегеле Казакстандын көз карандысыздык доорунда президенттик шайлоо 2005-жылы гана бир ирет өз учурунда өткөн.

Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүдө Назарбаев үчүн президенттик мөөнөттүн чеги алынып салынган.

XS
SM
MD
LG