Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

АКШда ИМ тобуна кошулгусу келген борборазиялыктар кармалды


Нью-Йоркто “Ислам мамлекети” уюмуна кошулууну каалаган өзбекстандык эки, казакстандык бир жаран кармалды. ФБР аларды шаардын Бруклин аймагында колго түшүргөн. Үчөө тең Бруклинде жашап жаткан.

Өзбекстандыктардын бири 30, бири 24 жашта. Казакстандык жигит 19га чыкканы аныкталды. Алар өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каржылык көмөк көрсөткөн жана Түркия аркылуу Сирияга өтүп, согушкерлердин катарына кошулууга аракет кылган деп айтыпталып жатат.

Эгер алардын күнөөсү далилденсе 15 жылга камалышат.

XS
SM
MD
LG