Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Кызыл-Кыяда жаштар форуму өтөт


“Тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө жаштардын катышуусу -экономиканы чыӊдоонун шарттарынын бири” деп аталган форум 27-февраль күнү Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлөт. Аны өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик уюштурууда.

Форум этникалык топтор арасында ымаланы бекемдөө максатын көздөйт. Иш-чарага президенттик аппараттын өкүлдөрү, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жетекчилери, билим жана илим министри Элвира Сариева, ОшМУ, ЖАМУ, БатМУ ректорлору, илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери жана студенттер катышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлады. (JsA)

XS
SM
MD
LG