Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

ТИМ: Беларус оор кылмышкер Бакиевдерди калкалоону улантууда


Беларус бийлиги Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн соттолгон Жаныш Бакиев жана башкаларды калкалоосун улантууда. Бул тууралуу расмий билдирүү тараткан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги оор кылмыштар үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Алманбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Беларустун позициясына кабатырлыгын билдирди.

2010-жылы бийликтен алынган Курманбек Бакиев жана бир тууганы Жаныш Бакиев Минскте жашашат. Жаныш Бакиев Кыргызстанда адам өлтүрүү, кыйноо фактылары боюнча сыртынан соттолгон. Бирок Минск аны жана Курманбек Бакиевди кыргыз сотуна өткөрүп берүүдөн баш тартып келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG