Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Сирияда туткундалган ассириялыктар саны 200дөн ашты


ИМ үч күндө 220дан ашуун ассириялыкты уурдап кетти
ИМ үч күндө 220дан ашуун ассириялыкты уурдап кетти

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери акыркы үч күн ичинде Сириядагы 220дан ашуун христиан ассириялыкты уурдап кетти. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын" маалыматында, согушкерлер өлкө түндүк-батышындагы ассириялыктар жашаган 10 кыштакты басып алып, жашоочуларын күч менен алып кеткен. Ал эми Сириядагы христиандар уюму жүздөгөн ассириялык аймактан качып чыкканын кабарлады. Аймакта христиан храмдары жана үйлөр өрттөлгөн. АКШ бийлиги 25-февралда бул кол салууну айыптап, туткундалгандарды бошотууну талап кылды.

“Бул “Ислам мамлекети” террорчул тобунун аймактагы бейкүнөө адамдарга жасаган акыркы жырткычтык жоруктарынын бири” деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

"Ислам мамлекети” террорчул тобу өткөн жылы Сирия жана Ирактын бир катар аймактарын басып алган. Андан бери Ирак, Сирия күчтөрү жана АКШ баштаган эл аралык коалиция согушкерлерге каршы операция жүргүзүп жатат.

Ассириялыктар Жакынкы Чыгыш, Иран, Түркияда жашаган этникалык топ. Алар христиан динин тутунат. Сирияда 50 миңге жакын ассириялык жашайт.

XS
SM
MD
LG