Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Сузакта диний экстремизмге шектелген алты үй тинтүүгө алынды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Бүгүн таңга маал Сузак РИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу Атабеков жана Ырыс айылдарындагы 6 үйдө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу облустук ИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда милиция соттун чечиминин негизинде “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна тийиштиги бар деп шектелгендердин турак жайларын текшерүүгө алып, натыйжада 52 диск, 132 ар кыл тилде жазылган китеп, 17 баракча жана бирден флеш карта, компьютер табылган.

Жогорудагы фактылар боюнча соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, аны өткөрүү Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнө тапшырылды. (RsK)

XS
SM
MD
LG