Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Пакистан: балдарын эмдетүүдөн баш тарткан 18 киши камалды


Пакистанда шал оорусуна каршы балдарын эмдетүүдөн баш тартканы үчүн 18 киши камакка алынды. Полициянын билдиришинче, кармалгандар өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва аймагында жашаган.

Аймактын полициясынын башчысы Раб Наваз Хандын билдиришинче, 100гө жакын адам балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң эмдөөгө макул болду.

Пакистан шал оорусу кеңири жайылган дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири. Былтыр Пакистан бийликтери шал болгон адамдардын саны 200дөн ашып кеткенин, бул 2001-жылдан берки эң жаман көрсөткүч экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG