“Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактын түндүгүндө байыркы тарыхый эстеликтерди талкалап жаткан тасманы интернетке жайгаштырды. Беш мүнөттүк тасмада кара кийимчендер барскан менен Мосул шаарындагы музейдеги айкел, скульптураларды талкап жатканы көрсөтүлгөн. Бул шаарды согушкерлер былтыр июнь айында басып алган. Талканган эстеликтердин арасында VII кылымдагы ассириялыктарга таандык канаттуу бука да бар. Аны талкалаган сакалчан киши искусство буюмдары динге каршы келерин айтат.
Муну менен катар бул тарыхый эстеликтер “көмүскө базарда” сатылышы да мүмкүндүгү айтылууда. Согушкерлер буга чейин да тарыхый эстеликтерди жок кылган эле.