Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясы болот


Акцияны уюштуруп жаткан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ал беларус президенти Александр Лукашенкодон Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевди экстрадициялоосун талап кылат.

-Беш жыл өттү, же Курманбек Бакиевди биздин күч кызматтарга өткөрүп берсин же Кыргызстан менен дипломатиялык катышын токтотуп, Бишкектеги элчилигин биротоло жапсын, -дейт укук коргоочу.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров мурдагы президент, Кыргызстандын соту тарабынан сыртынан өмүр бою кесилген Курманбек Бакиевди экстрадициялоосун талап кылып, буга чейин да бир нече жолу беларус элчилигинин алдына пикетке чыгып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG