Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Азиз балдардын мектептерине окуу китептери берилет


Бишкек жана Ош шаарларындагы көзү начар көргөн, азиз балдардын мектептерине тарых китеби тартууланат. Китептер ЖК депутаты, “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешевдин демилгеси менен кыргыз-инвестициялык-кредит банкы тарабынан каржыланып чыгарылган. Китептин 485 тому атайын азиз балдар үчүн Брайлдын бүдүр шрифттери менен басылган, 175 тому көзү начар көргөн балдар үчүн ири тамгалуу жалпак шрифт менен басылган. Окуу китептери Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынган.

Китептерди тапшыруу аземи бүгүн Бишкектеги көзү начар көргөн жана азиз балдардын мектебинде болот. Ага КР билим берүү жана илим министри, ЖК депутаттары жана китепти чыгарууга көмөктөшкөн демөөрчүлөр катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG