Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

ТИМ: Минск кыргыз криминалын калкалоосун атайылап көп сөзгө айландырууда


Расмий Минск Беларустун аймагында кыргыз криминалын жаап-жашыруу маселесин обу жок көп сөзгө айландырып жатат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

"Беларус Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсү Минск Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондорду, анын арасында Жаныбек Бакиевди калкалоонун бардык аракетин көрүп жатканын айгинелейт" деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

Беларус жетекчилигинин дүйнөнүн көптөгөн цивилизациялуу мамлекеттери кабыл албаган имиджи бар экенин эскерткен Кыргызстан "цивилизациялуу мамлекет", "адам укуктарын коргоо", сот адилеттиги" деп кыргыз тарапты "үйрөткөнү" эч бир орунсуз экенин да кошумчалады.

Бир катар оор кылмыштар үчүн айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн кримтөбөл Алмамбет Анапияев Минскте өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кыргыз милициясынын билдиргенине таянып президент Алмазбек Атамбаев кечээ Беларусту "кылмышкер Бакиевдерди калкалап жатат" деп айыптаган болчу.

Бүгүн Атамбаевдин билдирүүсүн сындаган Беларус ТИМи "бул кайрылуу эмоционалдуу мүнөздө экенин жана цивилизациялуу мамлекеттин башчысынын деңгээлиндеги билдирүү эместигин айткан болчу". (RK)

XS
SM
MD
LG