Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 09:03

Австриянын прокурорлору казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 24-февралда Венада абакта асынып өлгөн 52 жаштагы Рахат Алиевдин канынан алынган анализден маңзат табылганын билдиришти.

27-февралда Австриянын маалымат каражаттары алгачкы соттук-медициналык экспертизада Алиевдин канынан барбитураттар табылганын жазып чыгышты.

Барбитураттарды дары катары колдонуу Австрияда дээрлик тыюу салынган, андыктан абактын дарыгери Алиевге андай дарыны жазып берүүсүнө ишенүү кыйын.

Прокурорлор анализдин так жыйынтыгы бир нече күндөн кийин белгилүү болорун билдиришти.

Алиев Австрияда июнь айында камакка алынган. Австриянын прокуратурасы ага каршы 2007-жылы Казакстанда эки банкирди өлтүргөн деген шек менен иликтөө баштаган. Астана болсо бир нече ирет Венадан аны экстрадициялоону өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG