Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Бүгүн Тажикстанда шайлоо алдындагы “жымжырт күн”


Тажикстанда ишемби шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү" деп жарыяланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жума күнү түн жарымда бардык үгүт материалдарына тыюу салды.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасына 63 депутат шайланат. Анын 41и бир мандаттуу шайлоо округдарынан жана 22си партиялык тизме боюнча тандалат.

Учурда 250ден ашык талапкер мандат үчүн ат салышууда. Алардын ичинде 80и өзүн-өзү көрсөткөндөр жана 30 аял бар. Шайлоо эртең, 1-мартта өтөт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG