Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Тергөөчүлөр: Немцовдун өлүмү боюнча бир канча жоромол бар


Орусиянын тергөө комитети оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун киши колдуу болуп өлгөнү боюнча бир канча версияны атады.

Милиция биринчи версия катары Немцовду өлкөдөгү саясий абалды туруксуздаштыруу үчүн чагымчыл күчтөр өлтүрдү деп эсептейт. Экинчи жоромол боюнча аны ислам экстремисттери өлтүрүшү мүмкүн. Анткени Немцов Париждеги “Шарли Эбдо” журналына кол салгандарды айыптап чыккан. Үчүнчү версиясы Украинадагы окуяларга байланыштуу. Милиция Немцов коммерциялык жана жеке ишмердигине каршылардын колунан ажал табышы мүмкүн деген жоромолду да четке какпайт.

Немцов 10-февралда “Собеседник” басылмасына берген маегинде Путин аны оппозициялык көз караштары үчүн өлтүртүшү мүмкүн деген чочулоосун билдирген.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Немцовдун өлтүрүлүшү атайын уюштурулган буйрутма жана Кремлге карата чагым экенин айткан.

Ишембиге караган түнү Москванын борборунда Большой Москворецкий көпүрөсүнө чукул жерде оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Борис Немцовду атып кетишти. Оппозициялык лидердин өлүмүн РПР-Парнас партиясынын Москвадагы бөлүм башчысы Илья Яшин тастыктады. Маалымат каражаттары Немцовду ак түстөгү машинадан белгисиз бирөө тапанчадан төрт жолу атканын жазышты. 55 жаштагы оппозициялык саясатчы алган жараатынан жарыкчылык менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG