Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:51

Төрөткананын кызматкери пара берип жатканда кармалды


№4 төрөткананын кызматкери милицияга 500 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат кызматкери Эрнист Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, аталган төрөткананын же башкача айтканда шаардык перинаталдык борбордун кызматкери кыңыр ишин жаптыруу максатында милицияга жарым миллион сом сунуштаган.

ИИМдин 5-башкы башкармалыгына перинаталдык борбордо коррупциялык схемалар аркылуу ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражаттар мыйзамсыз өздөштүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган фактыларды иликтөө учурунда борбор кызматкери кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында милицияга 500 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда Башкы прокуратура пара берүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кызматкер дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG