Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

“Мусулман агайындардын” лидери өмүр бою эркинен ажыратылды


Египет соту тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылынын лидери Мухамед Бадини өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты. Ушундай эле өкүм аталган кыймылдын дагы 13 лидерине чыкты. Сот кыймылдын төрт лидерин өлүм жазасына буйруду.

Соттолгондордун бардыгы 2013-жылдын 30-июнундагы 9 демонстранттын өлүмүн алган окуяга күнөөлүү деп табылды. Анда президент Мухаммед Мурсинин каршылаштары “Мусулман агайындардын” штаб-квартирасына чабуул койгондо алар демонстранттарга каршы ок ачышкан. Ушул окуядан кийин армия жана полиция көтөрүлүшчүлөр тарапка ооп, президент Мурси бийликтен кулатылган.

XS
SM
MD
LG