Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Порошенко: Немцов Донбасс боюнча материалдарды жарыялоого даярданып жаткан


Украина президенти Пётр Порошенко атып өлтүрүлгөн оппозиционер Борис Немцов Донбасстагы жаңжалга Москванын катыштыгы тууралуу материалды жарыялоого камданып жүргөнүн билдирди.

Ал Немцов менен бир нече апта мурда сүйлөшкөн. Айтымында, Немцов ага орус куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы окуяларга катышканын далилдеген материалдар бар экенин, бирок жарыялоодон коркуп жатканын билдирген. Порошенко Немцов адам укуктарын, эркиндикти жана Украинаны сүйгөн Орусияны кургусу келген мекенинин чыныгы патриоту болчу деп эскерди.

Оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр, 55 жаштагы Борис Немцовду ишембиге караган түнү Москванын борборунда атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG