Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Оторбаев менен Бельянинов Бажы биримдиги маселесин талкуулайт


Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Бишкекте Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугуп, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши жана соода-экономикалык кызматташуу жаатындагы мындан аркы пландар боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьердин басма сөз катчысы билдирди.

Жолугушуу өкмөт үйүндө болот. Сүйлөшүүдөн соң кеңейтилген жыйын уюштурулуп, жогорудагы маселелер адистердин катышуусунда талкууланат.

Кыргызстан өткөн жылдын 23-декабрында Москвада Бажы биримдигине кабыл алынган. Келишимге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения президенттери кол койгон. Документтик жараяндар соңуна чыкса, май айында Бишкек биримдиктин толук кандуу мүчөсүнө айланат. (SE)

XS
SM
MD
LG