Ошто милиция менен коомчулук арасында кызматташууну жандантуу максатында форум болот. Аны Ички иштер министрлигинин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгы уюштурууда. Бүгүн облустук администрацияда өтө турган талкууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык активисттер жана жөнөкөй тургундар чакырылган. Башкармалыктын басма сөз кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдиргендей, форум эки бөлүктөн турат:
- Түшкө чейин өспүрүмдөр арасындагы проблемалар талкууланат. Түштөн кийин жер-жерлердеги негизги маселелер айтылып, олуттуулары тандалат жана аларды чечүү жолдору сунушталат. Аягында резолюция кабыл алынат.
Аширбаев билдиргендей, Резолюцияда милиция менен коомчулуктун ишенимин жакшыртуу максатында мурда кабыл алынган айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси да көтөрүлүш мүмкүн. (SE)