Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Аялдардын форумундагы сунуштар өкмөткө жана парламентке жөнөтүлөт


Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун жыйынтыгында сунуштардын топтомдору кабыл алынды. Өлкөдөгү аялдардын укугун коргоого жана алардын эркек менен тең укуктуулугун камсыз кылууга багытталган сунуштар парламентке, өкмөткө жана эл аралык донорлорго жөнөтүлөт. Бул тууралуу форумду уюштурган “Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунан кабарлашты. Форумдун активисттери аталган сунуштардын бийлик тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүп турушат.

2-3-мартта Бишкекте өткөн аялдардын улуттук форумунда аялдар маселеси талкууланды. Форум Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына арналды. Иш-чарага өлкө боюнча миңден ашык көрүнүктүү жана активдүү аялдар катышты. (UEz)

XS
SM
MD
LG