Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Пакистанда баласын эмдетпеген ата-энелер камалды


Дарыгерлер үймө-үй кыдырып, эмдөө жүргүзүп жаткан учур. Пакистан, 2014-жыл.
Дарыгерлер үймө-үй кыдырып, эмдөө жүргүзүп жаткан учур. Пакистан, 2014-жыл.

Өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясында балдарын шал оорусуна каршы эмдетүүдөн баш тарткан 471 ата-эне камакка алынды. Бул тууралуу аймактын расмийлери “Машаал” радиосуна билдиришти. Алар балдарын эмдетүүгө жазуу түрүндө макулдук берсе гана бошотулат. Эмдөө тамчылатма дары катары берилет.

Пакистанда талиптер эмдөөгө каршы үгүт жүргүзүп келишет. Өткөн жылы мамлекетте 306 шал оорусу катталган. Оорулуулардын көбү өлкөнүн түндүк-батыш аймагында жашагандар.

Ашынган динчил согушкерлер шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди коркуткан жана өлтүргөн учурлар көп катталат.

XS
SM
MD
LG