Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Жерүй кенин иштетүүгө каршылар маалымат жыйын өткөрөт


Жерүйдү иштетүүгө каршы 2013-жылы өткөн акция.
Жерүйдү иштетүүгө каршы 2013-жылы өткөн акция.

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундардын көбү каршы экени тууралуу бүгүн аймактагы активисттер Бишкекте маалымат жыйын курушат.

Активисттер арасында айылдык кеңештин депутаттары да бар. Таластык жашоочулар бул боюнча кеңири маалыматты AkiPress агенттигинде өтө турган жыйында журналисттерге айтмакчы.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Аны иштетүүгө 23-мартта сынак жарыяланары кабарланган. Өткөн жылга белгиленген сынактар өтпөй калган. (SE)

XS
SM
MD
LG