Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Акыйкатчы ымыркай токмоктон өлдү деген арызды териштирүүдө


Акыйкатчы институтуна Чүйдүн Москва районунун Александровка айылынын тургуну эки жарым жаштагы небересин ур-токмокко алып жаткандыгы тууралуу арыз түштү. Бул тууралуу баланын башка айылда жашаган таэнеси билдирип, ушул эле кишинин таягынан үч айлык небереси чарчап калганын, шектүү саналган чоң ата эки күн камакка алынып, кайра бошотулганын кошумчалаган.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда институттун кызматкерлери арызды териштирүүгө киришти. Милиция бул маалыматка комментарий бере элек.

Таэненин маалыматына таянган акыйкатчынын айтымында жогоруда сөз болгон эки баланын ата-энеси Орусияга иштегени кетишкен. (UEz)

XS
SM
MD
LG