Украин парламентинин жетекчиси жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк шаарындагы шахтадагы жардыруудан аз эле дегенде 32 кишинин өмүрү кыйылганын маалымдады.
Жогорку Раданын төрагасы Володымыр Хройсман депутаттарга «трагедия бүгүн эртең менен Засядко шахтасында орун алганын» билдирип, курмандыктарды эскертүүнү сунуш этти.
Донецктеги Орусия колдогон жикчил бийликтер мунун алдында метан газы жарылгандан кийин 73 киши жер алдында калды деген камтамасын билдирген эле. Өз алдынчалык жарыялаган өкмөттүн чукул абалдар боюнча өкүлү Юлиана Бедило 14 киши жарадар экендигин айткан. Украинада согуш аракеттери 12-февралдагы элдешүү келишиминен кийин басаңдап калды.